Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Талас облусу, Талас 05.09.2019 21:00

Айыл турмушу: Таластык А.Бутешова жолдошу экөө пардалардын базарда жок илмектерин жасап жатышат (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 26 жаштагы тургуну Айзат Бутешова үйгө илинген парданын сыртына илме кооздуктарды жасап сатууда. Аймактагы кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча технолог. Жасаган илмектеринин 1 метри 1500 сомго бааланат.

«Өзүм дизайнерлик жөндөмүм бар экенин билчүмүн. Бирок ушундай кооздукту чыгарам деп эч ойлогон эмес элем. Жолдошум экөөбүз жакын арада Талас шаарынан үй сатып алып, анын ичин өзгөчө кылып кооздоого аракет кылдык. Ушул жерде менин дизайнерликке болгон кызыгуум чоң жардам берди. Үйгө өзгөчө көрк берген — бул пардалар болот. Ошол үчүн пардаларга өзгөчө көңүл буруп, менин кыялымдагыдай парданын сыртындагы илме кооздукту издеп таппай койдук. Бир эле Талас базарынан эмес Бишкек шаарындагы чоң дүкөндөрдөн дагы карап чыгып, аягында өзүм жасоону туура көрдүм. Атайын керектүү материалдарды алдыртып жасап баштадым.

Бул иш жалгыз адамдын колунан келбей турган иш. Анткени ар бир оюмду өзүнүн темирлери менен түшүрөсүң. Бул жерде жолдошум мага көп жардам берет. Ал темирлерди өз формасына келтирип берет. Мен парданын өңүнө жараша кооздоп баштайм. Алгач жолдошум экөөбүз бири-бирибизге түшүнүшпөй таарынышып калган учурлар көп болчу. Азыр болсо жолдошум менин бул жаатындагы оюмду окугандай билип турат. Бир иймекти толук жазап бүтүрүү үчүн 3-4 күн убакыт кетет.

Азыркы учурда элден келип жаткан буйрутмалар аябай көп болуп жатат. Анын үстүнө жыйым-терим убагы болуп жатканына байланыштуу өзүм дагы көп буйрутма албай, ар бир ишимди кылдаттык менен кардарымдын оюндагыдай кылып жасаганга аракет кылып жатам. Азыр айнек пардаларды илүү оңой. Ал эми бул илмек кооздуктарды илүүгө өтө этияттык мамиле кылуу керек болот. Түз бойдон алып барып, жолдошум экөөбүз ар бир кардардын үйүнө илип берип келебиз.
Биз жасаган эмгекти көргөн кардардын кубанычын көргөндө жумушка болгон кызыгуу ого бетер күчөйт», - деди ал.

Айзат айым 3 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×