Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусуМосква району 07.09.2019 10:00 На русском

Айыл турмушу: Фермер А.Мамбеталиев гектарынан 50 тонна жүгөрү силосун даярдоодо

Turmush -  Гектарынан 50 тонна жүгөрү силосун даярдаган фермер Алтынбек Мамбеталиев Чүй облусунун Москва районундагы Чоң-Арык айылынын тургуну. Ал көп жылдардан бери мал жана дыйканчылык чарбаларында эмгектенип келет. Үстүбүздөгү 2019-жылы 6 гектар жерге жүгөрү өстүрүп, андан малга тоют максатында силос (ачытуу жолу менен даярдалган тоют) даярдоодо. Бул багыттагы иштери тууралуу фермер А.Мамбеталиев аймактык кабарчыга маалымдады.

Анын айтымында, жаз алды менен 6 га айдоо аянтына жүгөрүнүн Ала-Тоо сортун өстүргөн. Учурда ар бир гектарынан 50 тоннага жакын жүгөрү силосун даярдоодо.

«Менин мал жана дыйканчылык эмгегим ата кесибим. Атам ыраматылык Жумабай жаштайымдан эмгекке тарбиялап, мал багуунун сырларын үйрөткөн. Ал өз кезегинде легендарлуу парламенттин депутаты да болгон. Өмүрү кыска экен. Биз жетиле электе көзү өтүп кетти. Бардык чарба жумуштары балдарында калды. Анын кесибин улап, мал багам. Чарбамда кой, уй, жылкы жана башкалар бар. Жайында жайлоодо, кышында өз сарайымда малдарды кармайм. Албетте, мал багуу үчүн тоют маселеси негизги орунду ээлейт. Ошондон улам быйыл 6 гектар жерге жүгөрүнүн Ала-Тоо сортун өстүрдүм. Учурда басымдуу бөлүгү өз чарбама таандык техникалар менен оруп-жыйноо жумуштарын жүргүзүүдөмүн. Агротехникалык эрежелерди так колдонуу түшүмдүүлүктү арттырат эмеспи. Өз мезгилинде жүгөрүнүн түбүн жумшартып, суу менен камсыздадык. Эми таңдан-кечке эгин талаасында түшүм жыйноодобуз. Кудай буюрса, түшүм мол. Ар гектарынан 50 тонна жүгөрү силосун даярдап жатам. Ошондо 6 га жеримден 300 тонна силос тоюту даярдалат.

Мындан сырткары чөптөн түктөрүм да бар. Негизи кышка камылга жүрүүдө. Мындай иштерди аткаруу жалгыз менин колумдан келбейт. Айылдык жаштарды жумуш оруну менен камсыз кылгам. Кадимкидей эле айлык маянасын алышып, үй-бүлөсүн багып келишет. Ал эми алардын иштөөсү үчүн толук шарттар түзүлүп, техникалык коопсуздук эрежелери да колго алынган», - деди фермер.

Ал сөзүн улап, жүгөрүнүн пайдалуу жактарын да айтып берди.

«Жүгөрүнүн Кыргызстанда Краснодар 5тв, Чүй 466, Чүй 47, Ала-Тоо жана башка сорттору өстүрүлөт. Мен ошол Ала-Тоо сортун колдондум. Түшүмү мол болот экен. Бою бийик өсөт. Силос тоютун даярдоо биздин шартка ыңгайлашкан. Эми жүгөрүнү кимдер гана билбейт. Ал тамак-ашка жана малга тоют иретинде кеңири колдонулат. Жүгөрүнүн данынан талкан тартып, жарма жасап ичип келебиз. Ден соолукка да өтө пайдалуу экендиги медицинада аныкталган. Суусундук жасайбыз. Талканына сары май кошуп тоголоктоп, кышка сактайбыз. Данынан түркүн азыктар даярдалса, сотосун (өзөгү) тоют кылабыз. Жүгөрүнүн кылым карыткан таржымалы бар. Негизи жүгөрүнүн мекени Борбордук жана Түштүк Америка. Биз аны улуттук тамак-аштай эле пайдаланып келебиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×