Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ош облусу, Ноокат 09.09.2019 15:33 На русском

Ошто түндө жаңы төрөлгөн ымыркайды балдар үйүнүн алдына таштап кетишти

Ош шаары
Ош шаары

Turmush -  Ош шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайды (кыз) балдар үйүнүн алдына таштап кетишти. Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Кечээ, 8-сентябрга караган түнү саат 3:55те Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмчөсүнө Тамара Токтомаметова Ош шаарынын Спорт көчөсүндөгү №1 «Алтын уя» үй-бүлөлүк балдар үйүнүн эшигинин алдына жаңы төрөлгөн ымыркайды белгисиз адамдар таштап кетишкенин кабарлаган. Ак-Буура милиция бөлүмчөсүнүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган жана аталган факт Жазык кодексинин 150-беренесинин 1-бөлүмүнүн (Коркунучта калтыруу) негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталган.

Алгачкы текшерүү иштеринин жүрүшүндө ымыркайдын киндиги үй шартында кесилгени белгилүү болду. Анын ата-энесин аныктоо максатында атайын тапшырмалар жана багыттамалар берилди.

Ош шаардык төрөт үйүнүн башкы дарыгери Зейнеп Исраилованын айтымында, учурда ымыркайдын абалы жакшы.

«Жаңы төрөлгөн ымыркайды кечээ эртең менен милиция кызматкерлери алып келишкен. Ымыркайдын абалы жакшы, документтери даярдалса, социалдык кызматкерлер аркылуу балдар үйүнө өткөрүп беребиз», - деди ал.

«Алтын уя» үй-бүлөлүк балдар үйүнүн жетекчиси Тамара Токтомаметованын айтымында, ымыркайды таштагандар эшикти тыкылдатып кетишкен.

«Мен ошол учурда балдарды карап, уктай элек болчумун. Бир убакта эшик тыкылдап калды. Чыксам, оролгон баланы таштап кетиптир. Түнкү саат 3:55 чамасы болчу. Ымыркайды алып кирип, дароо милицияга, тез жардам кызматына кабар бердим», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×