Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 09.09.2019 17:18

Кочкордо Комуз күнү салтанаттуу белгиленди

Turmush -  Кочкор районунда Комуз күнү салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Кочкордогу Молдобасан Мусулманкулов атындагы искусство мектебинин имаратында Комуз күнү салтанат менен белгиленип, ага Ак-Жар орто мектебинин «Жаш тилек» тобу, О.Айбашов атындагы мектептин «Башат», Кызыл-Дөбө мектебинин «Жаш толкун» тобу, К.Мырзабеков атындагы мектептин «Жаш толкун», Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинин «Жаш кыял» топтору катышып, айылдардан келген комузчулар өнөрлөрүн көрсөтүштү. Аларга Кочкор районунун мамадминистрациясынын ыраазычылык каттары тапшырылды.

Комуз күнүнө карата иш-чаралар Кочкор районунун аймагындагы мектептерде, бала бакчаларда да белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×