Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 10.09.2019 08:14 На русском

Караколдогу борбордук көчөгө 28 жылдан бери биринчи жолу тротуар жасалды

Turmush -  Каракол шаарынын Ж.Жусаев көчөсүнө 28 жылдан бери биринчи жолу тротуар жасалды. Бул тууралуу жол чарба муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, анын узундугу 1100 метр, туурасы 2,25 метр.

«Асфальттын калыңдыгы 4 см. Ошондой эле ар бир кесилиш көчөдө суу түтүктөрүн жаңырттык», - деди жолчулар.

Аталган иштерге шаардын бюджетинен 2,5 млн сом каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×