Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Баракелде, Бишкек 10.09.2019 08:35

Милициядан тапкан сүйүү: Майор Дилара Кочкорбаева 21 жылдан бери милицияда иштеп келе жатат (сүрөт)

Turmush -  Turmush басылмасынын «Погончон айым» долбоорунун кезектеги каарманы милициянын майору Дилара Кочкорбаева болмокчу. Ал милиция кызматында 21 жылдан бери иштеп келе жатат.

Атадан өткөн талант

Мен Алайдын Гүлчө айылында комузчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Атам Темирбай белгилүү комузчу болгон. Тубаса таланты менен комуз черткен. Мен атамдан таасирленип, 4 жашымдан эле ырдап баштагам. Кийин 8 жашымда комуз черткенди үйрөндүм. Ошентип атам менен фестивалдарга, сынактарга катышып жүрдүм. Биз үй-бүлөлүк ансамбль болгонбуз десем болот. Менин комузга болгон кызыгуум жашымдан эле башталган.

Милициянын катарына кошулуу

Мектепте 9-классты аяктагандан кийин, 1992-жылы Ош педагогикалык окуу жайынан музыка адистигин окуп баштадым. Ал жерде 4 жыл окуп, 1996-жылы Оштогу У.Салиева атындагы мектепке мугалим болуп ишке кирдим. Ал жерде 1 жыл иштегенден кийин өнөрдүн арты менен Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Кайгуул күзөт кызматына ишке кабыл алындым. Ал жерге музыкалык өнөрүмдүн арты менен ишке өттүм десем болот. Милиция кызматынын музыкалык аспаптарын иштеттим. Ошентип өзүм жактырып жүргөн милиция тармагында иштеп калдым. Азыр деле комузду жанымда ала жүрөм. Майрам күндөрү иштен кийин кесиптештериме ырдап берем. 9-сентябрь — Комуз күнү деп жарыяланыптыр. Ошол күндүн урматына комуз чертип ырдадым.

Милициядан табылган сүйүү

2001-жылы милиция кесибин өздөштүрүү үчүн ИИМдин А.Алиев атындагы академиясында билим алып баштагам. Ал жакта 6 жыл окудум. Окуу менен кошо ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгында иштеп калдым. 2003-жылы ошол жерде иштеп жүргөндө жолдошум, милициянын старшинасы Руслан Дүйшөнов менен таанышып, баш коштук. Ал Нарын облусунун Жумгал районунан болот. Мени жөнөкөйлүгү менен багындырып алды. Биздин ата-энелерибиз баш кошконубузга каршы болгон эмес. Жол алыс, бирок биздин ынтымагыбыз аны жеңип кетти. Жолдошум милиция тармагында 20 жыл иштеп, пенсияга чыккан.

Мени кайын журтум абдан жакшы кабыл алган. Кайын атам «сен милиция кызматкерисиң, жоолук салбай жүрө бер» деп уруксат берген. Кайын инилерим мени «Полковник жеңе» дешет. Бирок мен полковник чинине жете элекмин.

Милициядагы аялдардын түйшүгү

Иш деген — иш. Жетекчинин буйругу так аткарылышы керек. Түндө шашылыш чакырып, айгай (тревога) деп калса эч бир токтоосуз барууга туура келет. Биз бул кесипти өзүбүз тандап алганбыз. Буйрук берилгенден кийин так аткаруу керек. Аял-эркек бардыгы бирдей. Айрым учурларда таң атканча деле иштеп, уктабай калган учурлар болот. Түйшүгү оор, бирок абдан сыймыктуу иш.

Үй-бүлө

Зыягүл жана Керемет деген 2 кызыбыз бар. Чоң кызым ашпозчулукту тандады. Кыздар үчүн бул кесип абдан жакшы. Экинчи кызыбыз 6-класста окуп жатат. Ал бийчилик өнөрдү өздөштүргөн. Комузда дагы кол ойнотот. Чоңойгондо кайсы кесипти тандаса да өзүнүн эрки. Эгер кызым милиция кызматкери болом десе бул иш абдан түйшүктүү, кыздар үчүн оор экендигин айтам. Эгер чын дилинен ушул кесипти тандаса каршы болбойм. Ата-энесинин кесибин улантам десе эч нерсе дей албайбыз.

Дилара Кочкорбаева комузда 15ке чукул күүнү чертип, көптөгөн ырларды ырдайт. Учурда үй-бүлөсү менен Бишкек шаарында жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×