Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 10.09.2019 14:09

Кочкордогу иштебеген жол чырак. Сүрөт

Turmush -  Кочкор районуна караштуу Кочкор айылынын С.Орозбаков атындагы көчөсүндөгү жол чырак көп убакыттан бери иштебей турат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдирди.

Алардын айтымында, борбордук көчөдөгү жол чырактын бузулганына көп болду.

«Бул жол чырак И.Арабаев атындагы орто мектептин алдына коюлган. Жол чырак күйбөй калганына көп болду. Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү сызыктар (зебра) сызылганы менен айдоочулардын айрымдары жол бербей өтүп кетишет. 1-класстын окуучуларын ата-энелер өздөрү жолдон өткөрүп коюшат. Кырсык болбойт деп ким кепилдик бере алат? Ошондуктан бардык жашоочулардын коопсуздугун эске алып, жол чыракты карап беришсе жакшы болот эле», - дейт айыл тургундары.

«Кочкор-Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Бегайым Биялиева бул маселе боюнча буларга токтолду.

«Мектептин жанындагы жол чыракты Кочкор айыл өкмөтү тендер жарыялап, орнотуп беришкен. Биздин ишкана майда оңдоо иштерин жүргүзүп келгенбиз. Күйүп кеткен тетиктерин издеп, оңдоо иштерин жасаган балдарга кайрылдык. Алар эсептеп көрүп, болжолдуу түрдө 24 миң сомго чейин акча каражаты керек экендигин айтышты. Эми айыл өкмөткө кайрылып көрөбүз, алар акча каражатын чечип берсе жол чырак кайрадан иштейт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×