Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусуКемин району 10.09.2019 14:42

Кеминде комуз чертүүнү үйрөнүү боюнча мастер-класстар уюштурулду

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районунда «Билимкана-Шабдан» мектебинде жана райондук маданият үйүндө Комуз күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

«Билимкана-Шабдан» мектебинде «Устат–шакирт» комуз ийрими тарабынан иш-чара уюштурулду. Ошондой эле Кемин шаарынын «Жеңиш» аянтында комуз күүлөрү жаңырып турду. Кемин районундагы бардык мектептерде жана бала бакчаларда «Үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз» деген темада ачык сабактар өткөрүлүп, райондун китепканаларында «Комуз — кыргыз элинин улуттук аспабы» аталыштагы бурчтар уюштурулса, райондук маданият үйүндө дагы Комуз күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарада Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысы Нурлан Шаршеналиев Комуз күнү менен жалпы катышуучуларды куттуктады.

Иш-чара майрамдык концерт менен коштолуп, комуз чертүүнү үйрөнүү боюнча мастер-класстар өткөрүлдү.

Жалпысынан Комуз күнүнө арналган иш-чарага 350 адам катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×