Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусу, Ош 10.09.2019 20:00

Сүрөт — Ошто «Түштүк Экспо-2019» эл аралык жармаңкеси өтүп жатат

Turmush -  Ош шаарында «Түштүк Экспо-2019» эл аралык көргөзмө-жармаңкенин ачылышы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 10-сентябрь күнү Ош шаарындагы соода борборунун биринде «Түштүк Экспо-2019» аталышындагы эл аралык жармаңкенин ачылышы болду. Ага чет өлкөдөн келген жана жергиликтүү ишкерлер, Кыргызстандын облустарынан келген соодагерлер катышып, өздөрүнүн продукциясы менен тааныштырып жатышат. Аталган жармаңке Ош шаарында төртүнчү ирет өтүп жатат.

«Жармаңкени жогорку деңгээлде ачып алдык. Мындай жармаңкелерди жыл сайын өткөрүп турабыз. Өзүбүздүн ишкерлер чет өлкөгө барып, жармаңкелерге катышып турушат. 2020-жылы Дубайда өтө турган эл аралык жармаңкеге азыртадан эле даярданып жатабыз. Жармаңке аркылуу Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияны чет өлкөгө экспорттоого чоң мүмкүнчүлүк жаралат», - деди Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын түштүк департаментинин вице-президенти Орозбек Эргешов.

Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, форумга 1 миңге чукул ишкер катышууда. Иш-чарага Тажикистан, Өзбекстан, Кытай, Россия, Индия, Афганистан, Кувейт өлкөлөрүнөн дагы коноктор келишкен.

Жармаңке 12-октябрга чейин уланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×