Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Талас облусуКара-Буура району 11.09.2019 09:24 На русском

Айыл турмушу: Кара-бууралык уста Н.Мырзабеков жылына 200 миң сомдон ашык киреше табат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Аманбаев айылынын 51 жаштагы тургуну Нышанбек Мырзабеков устачылык менен алектенип, 25 жылдан бери элге кызмат кылып келет. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Анын айтымында, чоң тамдардын чатырын 80 миң сомго жабат.

«Мектепти бүткөндө сүрөтчүнүн окуусуна тапшырайын деп барып, сынакка жетишпей калгам. Кызыгуумдун экинчи багыты болгон жыгач устачылыкты тереңдетип окуп алайын деп ошол жактан билим алып чыктым. Бир аз иштеп, аскердик милдетти Россиянын Северодвинск шаарынан өтөп келдим. Ал жактан үйлөрдү курууга жардамдашып иштедим. Аскерден келип, борбордо эмерек чыгаруучу заводдо 5 жыл иштедим. Андан кийин союз тарап, жашоо кыйындап, нан табуу оор болуп калды. Айылга келип, 1994-жылдан бери станок менен жыгачтан бардык буюмдарды жасап, устачылык кылам. Ошол кездерде эле тапкан тыйыным бала-чакама жетчү. Азыр станок мурункудай болуп тынбай иштебейт. Эл көбүнчө даяр буюмдарды сатып алып калышты. Бирок колдун эмгегин баалап, жасатып кеткендер жок эмес.

Үйлөрдүн чатырын жаап, дубал тургузуп, шыбап берем. Чатырларды жабууда жардамчы балдарды алам. Чоң тамдардын чатырын 80 миң сомго жабам. Аны 10 күндө бүтүп калабыз. Мында жардамчым түшүнгөн киши болушу керек. Үстүнөн ченелген жерди айтсам, ал ошондой кесимдеги шиферди алып бере коюшу керек. Жаштар менен көп иштешем. Биринчиден, өздөрү үчүн көп нерсе үйрөнүшөт. Экинчиден, жаштар тамдын башында тез жүрүп, ыкчам кыймылдашат. Бирок көпчүлүгү жумуштун жеңилине качышат.

Эшиктерди 1000 сомго жасап берем. Эгер боёп жана темир тетиктерин тагып берсем бир аз кымбат болот. Акыркы 5-6 жылдан бери бешиктерге дагы буйрутмалар азайып калды. Аларды 1000 сомго карагайдын жыгачынан жасайм. Айыл шартына карап арзаныраак баа менен жасап берем. Алсаң ал, албасаң жок дегендей мамиле кылбайм. Устачылык өнөрүм менен жылына 200 миң сомдон ашык киреше табам», - деди ал.

Нышанбек уста 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×