Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Токмок 11.09.2019 14:32

Токмокто 80 миң сомго орнотулган таштанды челектерди талкалап кетишүүдө, - мэрия

Turmush -  Токмок шаарында 40 даана таштанды салуучу челектер алынып, шаардын борборуна апрель-июнь айларында жаңыртылып коюлган. Бирок сентябрь айында анын көбүн тургундар талкалап, капкактарын сындырып салышкан. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мэриядан билдиришти.

«Манап бийдин эстелигинин жанындагы челектерди алып кетишиптир. Эми анын ордуна картон кутучаларды убактылуу коюуга туура келди. Май айынын башталышында коммуналдык ишкананын кызматкерлери 26 челекти оңдошту. Ал челектер эки жыл мурун Тайвань фонду аркылуу орнотулган болчу. Шаарыбыздын тазалыгын сактап, элдин мүлкүнө аяр мамиле жасап жана эмгекти бааласак жакшы болот эле», - деп билдиришти мэриядан.

Челектер 80 миң сомго коюлган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×