Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 11.09.2019 17:44

Саяк Бараконов күжүрмөн самбо боюнча дүйнө биринчилигинде алтын тагынды (сүрөт)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында жашаган жаш спортчу Саяк Бараконов Түштүк Кореяда өткөн мелдеште алтын медаль тагынды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга билдирди.

Түштүк Кореяда 30-августтан 6-сентябрга чейин спорттун күжүрмөн самбо түрү боюнча дүйнөлүк биринчилик өткөн. Анын алкагында кыргызстандык Саяк Бараконов 57 кг салмакта күч сынашып, алтын медалга ээ болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×