Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Баракелде, Дүйнө 19.09.2019 13:49 На русском

Апасы каза болгондон кийин жашоосу өзгөргөн Э.Ногойбаева Италияда жетекчи болуп иштеп жатат

// Turmush

Turmush -  Элмира Ногойбаева Италияда жашап, иштегенине 11 жыл болду. Учурда ал эки мейманкананын администратору.

Ал 1970-жылы Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айылында төрөлгөн.

«2003-жылы апам каза болгондо катуу депрессияга түшүп, чет өлкөгө чыгып кеткем. Алгач Англияга бардым.

Апамдын буту ооручу. "Элдин баары эле жүрөгүнөн, башынан операция болуп, жакшынакай эле сакайып кетүүдө. Сиз да жакшы болосуз" деп операцияга берген болчумун. Бирок операция ийгиликтүү болбой калды. Апам рак оорусу менен төрт ай төшөктө жатып каза болуп калды. Уул-кыздары кезектешип карап жатканбыз. Апам каза болордо аны мен карап калдым. Ошондо мага: "Сен баягыдай супсулуу болуп кетиптирсиң. Багың ачылып, турмушка чыгып кетсең экен" деп айткан», - деди ал.

Элмира Ногойбаев Англияда бир жыл жүрүп, кайра Кыргызстанга кайткан.

«8-классты бүткөндөн кийин Россиянын Лобня шаарындагы текстилдик училищага өтүп кеткем. Күндүз төрт саат фабрикада иштеп, кечинде төрт саат окучумун. Москвада көп деле кыйынчылык көргөн жокмун», - деди ал.

Мекендешибиз Италияга бир тууган эжеси менен сиңдисинин чакыруусу менен сапар алган.

«Италияда бир тууган эжем Атыркүл жана сиңдим Тамара иштеп жатышкан. 2008-жылы Италияга келип иштеп калдым. Эжемдер тосуп алышты. Эч нерседен кыйналган жокмун. Англис тилин үйрөнүп келгем. Бирок бул жерде англис тилинде көп деле сүйлөшпөйт экен. Алгач бир сулуу, арыкчырай болгон кемпирди бактым. Бир жыл тогуз ай иштеп, Италиянын тилин ушул кемпирден үйрөндүм. Андан соң төрт жаштагы баланы төрт ай бактым. Кийин ресторанда беш ай идиш жууп калдым. Бир чоң мейманкана сынак жарыялап, мени орус, англис, итальян тилин билет деп кабыл алышты. Алгач ресепшнде иштеп, чоң эки мейманкананын администратору болдум. Кудайга шүгүр. Дагы ийгиликтерди багындырабыз.

Учурда Кальяри шаарында иштеп жатам. Бул жерге келгениме жети жыл болду. Италияда жашап жүргөнүмө 11 жыл болду», - деди ал.

Элмира айым Сардиния аралындагы кыргыз диаспорасынын төрайымы болуп эки жылдан бери иштеп келет.

«Келечекте мекендештерибиздин керегине жараган уюм болот деп ишенем. Бош убактым болуп калса уул-кыздарыма көңүл буруп, мекендештерибизге жардам бергенге аракет кылабыз. Бейшемби жана жекшемби күндөрү мекендештерибиз эс алууга чыкканда алар менен жолугуп, кимге юридикалык же башка жардамдар керек болсо жардам берип келебиз. Бири-бирибиз менен баарлашып, алдыдагы иштерди кеңешебиз.

Келечекке максаттар көп. Алардын эң негизгиси уул-кыздарымдын жашоодо өз ордун таап кетишине жардамдашып, бактылуу чоң эне, таене болсом дейм.

Мен кыргыз экениме абдан сыймыктанам. Кыргызстанды келечекте өнүккөн өлкөлөрдүн катарында элестетем.

Бул жерде адамдар пунктуалдуу. Ар бир убакытты баалашат. Адамдар жайдары, сылык, меймандос. Башка улуттарды абдан сыйлап турушат.

Уулум Адилет 30 жашта, кызым Евелине 14 жашта. Балдарым менен үйдөн кыргызча, бирок сырттан итальян тилинде сүйлөшөбүз. Айтмакчы, уулумдун үйлөнүү тоюн Италияда өткөрдүк», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×