Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Баткен облусуКадамжай району 29.01.2020 10:10 На русском

Видео — Кадамжай району өнүгүү жолунда

Алгынбай Имаров
Алгынбай Имаров

Turmush -  Кадамжай району социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча Баткен облусунда эң алдыңкы орунда турган район болуп саналат. Райондо кожогаттын (малина) экспортунун көлөмү эки эсе өсүп, 200дөн ашуун жумуш орундары түзүлүп, калктын саны өстү. Ошондой эле айылдарда таза суу маселеси четинен чечилип, сугат иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Кадамжай районунун акими Алгынбай Имаров билдирди.

Ал жумуш орундарын түзүү, жергиликтүү бюджетти көбөйтүү боюнча алгылыктуу кадамдар 2020-жылы да уланарын айтты. Аким менен аймактык кабарчы маектешкен.

- Саламатсызбы, Алгынбай Төралиевич! Кадамжай району Кыргызстанда мөмө-жемиштердин экспорту менен таанымал. Райондо 2019-жылы кандай жетишкендиктер болду?

- Саламатсыздарбы! Баткен облусунун Кадамжай районун илгери хандар бийлеп келген. «Аккан арыктан суу агат» деп коёт. Ошондуктан биздин райондон аттуу-баштуу ата-бабаларыбыз чыккан. Районубузда калктын саны 194 миң адамдан ашат. Учурунда Кадамжай райондук сурьма комбинаты жогорку деңгээлде иштеп турган. Ошондой эле Айдаркендеги сымап комбинаты да дүйнөлүк эталондордун бири болгон. Районубузда бардык төрт мезгил болот. Ошондуктан бардык жер-жемиштер, өсүмдүктөр өсөт.

Президент Сооронбай Шарипович өткөн жылды Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялаган. 2019-жылдын жыйынтыгы менен ички регионалдык дүң продукциянын көлөмү 14 млрд 520 млн 900 миң сомду түздү. Бул көрсөткүч 2018-жылга салыштырганда 644 млн 700 миң сомго көп же өсүү темпи 104,6 пайыз болду. (2018-жылдын жыйынтыгы менен ички регионалдык дүң продукция 13 млрд 876 млн 200 миң сомду түзгөн).

- 2019-жылы 2018-жылга салыштырмалуу кандай өзгөрүүлөр болду?

- 2019-жылы Кадамжай районунда алгылыктуу көп иштер аткарылды. Мисалы, Кадамжайда чоң жана кичине ишканалар ачылып, ишканаларды ачып эле тим болбостон жергиликтүү калкты дагы жумуш менен камсыздап жатабыз. Миграцияны токтотуу максатында райондун аймагында 30дан ашык ишкана ачылды. Жалпы 248 жумуш орундары пайда болду. Бул жерде ишканалардын салыгын да эске алсак болот. Өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында билим берүү жаатында жайкы эс алуу мезгилинде «Кыргызтелекомдун» райондогу башкармалыгы менен тыгыз иштешип, 83 мамлекеттик мектептин ичинен 72 мектепти санариптештирүүгө жетиштик. 2020-жылы калган мектептерди санариптештирүүнү улантабыз. Мектептер менен эле чектелип калбастан, мектепке чейинки окуу борборлорун да санариптештирүү жаатында алгылыктуу иштер жүрүп жатат.

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында биздин райондо да жылыштар бар. Кылмыштуулукту, бейбаштыкты алдын алуу максатында ар бир мектептерге видеокамераларды орнотуп, окуучулардын жана мугалимдердин баскан-турганын көзөмөлгө алдык. Дагы бир баса белгилеп кетүүчү жагдай — Баткен облусунда 3 район болсо, алардын ичинен Кадамжай районундагы 84 мектептин ичинен 20 мектепте электрондук күндөлүк системасы иштеп баштады.

- Сөздүн башында Кадамжай району көп тармактуу деп белгилеп кеттиңиз. Тармактар боюнча кандай өзгөрүүлөр бар?

- Өнөр жайы боюнча айта турган болсом, 2019-жылы өнөр-жай продукцияларын өндүрүүнүн көлөмү 691 млн 917 миң сомду түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 46 млн 994 миң 100 сомго аз өндүрүлдү. Бул көрсөткүч негизи «Айдаркен сымап комбинаты» ААКтын салыштырмалуу аз көлөмдө продукция өндүрүүсү менен байланыштуу болду. Сырьенун жоктугунан Кадамжай сурьма комбинаты 2019-жылдын башынан бери иштебей турат. Өндүрүш убактылуу токтоп турган убакта тынымсыз иштөөчү объекттердин ишмердүүлүгүн камсыз кылуу, имараттарды жана курулуштарды, жүк көтөрүүчү механизмдерди бузбай, таза абалда кармап туруу жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иштер жүргүзүлгөн. Топурак булганып, өзгөчө кырдаалга жол бербөө максатында калдыктарды сактоочу №7, №8 жайларды тейлөө иштери такай жүргүзүлүп, 4 насостук станция иштеп жатат.

- Курулуш тармагында кандай иштер жүрүүдө?

- Кадамжай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгында 2019-жылга бекитилген өндүрүштүк план 5 млн 200 миң сом болсо, 6 млн 928 миң 600 сомдук план аткарылды же тапшырма 133,2 пайызга аткарылды.

2019-жылы райондун аймагында жеке менчик турак үйлөрдү куруу үчүн тиешелүү 1 миң 264 иш кагаз даярдалып берилип, 4 млн 755 миң 850 сомдук иштер аткарылды. Капиталдык жана жеңил типтеги курулуштар үчүн 159 архитектуралык-пландык шарттар түзүлүп, 587 миң сомдук жумуштар аткарылды.

Ар кандай багыттагы инженердик курулуштарга 79 даана инженердик-техникалык шарттар түзүлүп, 547 миң 840 сомдук иштер аткарылган. Курулуш объектилерин жайгаштырууга жана жер тилкелерин мыйзамдаштырууга 226 даана архитектуралык корутунду даярдалып, 547 миң 840 сомдук жумуштар аткарылган. 126 жумушчу долбоору макулдашылып, 486 миң 740 сомдук иштер аткарылды. Райондун аймагында жаңы курула турган 47 ар кандай капиталдык, профилин өзгөртүүчү объекттерге курулуш баштоого иш кагаздар түзүлүп берилген.

2019-жылы 135 даана жеке менчик турак жай пайдаланууга кабыл алынып, алардын аянты 14 миң 580 чарчы метр, баасы 112 млн 480 миң сомду түздү.

- Кадамжай району кенге бай эмеспи. Райондогу кирешелүү тармактардын бири да тоо-кен тармагы болсо керек?

- Ооба, райондо сурьма, сымап комбинаты бар. Ошондой эле көмүр кендери да иштейт. Майдан айыл өкмөтүндө жайгашкан Бел-Алма көмүр кенин иштеткен «Беш-Арча» ЖЧКсы 2018-жылдын башынан тартып иштеп баштады. 2019-жылы аталган ишкана 206 млн 710 миң сомдук же 152 миң 941 тонна көмүр өндүрдү. Ал эми 2018-жылы 219 млн 781 миң сомдук же 148 миң 739 тонна көмүр өндүргөн.

- Инвестиция тартуу иштери кандай жүрүүдө?

- Кадамжай районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн 2019-жылы 646 долбоор колдоого алынып, 1 млрд 316 млн 200 миң сомдук инвестиция тартылды. Бул районубуз үчүн жакшы көрсөткүч болуп саналат.

- Кадамжай району аркылуу Ош—Баткен—Тажикстан унаа жолу өтөт. Район Өзбекстандын айрым аймактары менен чектеш жайгашкан. Жол куруу тармагында кандай ийгиликтер болду?

- Кадамжай району Кыргызстандын эң алыскы райондорунун бири болуп эсептелет. Баткен облусу да эң жаш облус болуп саналат. Жакында эле 20 жылдыгы белгиленди. Биздин район Өзбекстандын 4 району менен чектешет. Ошондой эле район аркылуу Баткен районуна, Лейлек районуна, андан ары Тажикстанга барышат. Ошондуктан Кадамжай району стратегиялык аймак болуп саналат. Жол тармагында да алгылыктуу иштер аткарылып жатат. Биз эл аралык маанидеги жолдорду оңдоп-түзөөдөн өткөрүп эле тим болбостон, Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында айылдардын ички жолдорун, Кадамжай шаарындагы ички жолдорду оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, асфальт төшөө иштери уланууда. Мисалы, Кадамжай шаарында 3 км жолго асфальт төшөлүп, тротуарлар оңдолду. Ошону менен катар аймактарды жарыктандыруу маселеси биздин приоритеттүү багыттарыбыздын бири болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×