Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Ош облусуКара-Кулжа району 30.01.2020 11:24

Тарых инсаны: Аял киши таптап, алдына ат салбаган күлүктү кантип өлтүрүшкөн?

Turmush -  Ош облусунан атактуу Төрөбек жана Абдыкерим балбандар чыккан. Алар тууралуу маалыматтарды топтогон Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылынын тургуну Казыбек Мамасадыков аймактык кабарчыга балбандардын күрөшү, акыркы маеги жана аял киши таптап, Казакстанда өлүп калган аргымактын таржымалы жөнүндө айтып берди.

- 1946-1947-жылдары жетим өскөн 27 жаштагы Абдыкерим шахтада иштеп жүргөн жеринен өзү туулуп өскөн Өзгөн районунун Чымбай айылына кайтып келет (Улуу Ата Мекендик согуш учурунда жетим жана кароосуз калган балдар шахтада иштечү). Чымбайга согуш мезгилинде чечендер көчүрүлүп келген. Абдыкерим күчтүү балбан болгондуктан, аны чечендердин бригадири кызматына дайындашкан. 1951-1952-жылдары кампа башчысы болуп дайындалган. Чымбайда чечендер көп болчу. Алар 1957-1958-жылдары өз мекени Чеченстанга кайтышкан.

- Абдыкерим балбан 27 жашында шахтадан кичи мекенине келе жатып, Өзгөндө өтүп жаткан күрөш боюнча чоң мелдештин үстүнөн чыгат. Ошол жерден Төрөбек балбандын күчүнө күбө болот. Кудайдын буйругу менен эки балбан күрөшкө түшөт. Анан Төрөбек балбан кулап, жеңилип калат. Ошол күрөш эки балбандын ортосундагы алгачкы жана акыркы беттеш болуп калат. Күрөштөн кийин экөө бек кучакташып, замандаш болуп калышкан.

- 1958-1959-жылдары чечендердин кадыр-барктуу адамы бригадир Абдыкерим балбанга Чеченстандан атайын алып келген жаш, азоо тулпарды тартуу кылат. Абдыкерим балбан мамлекеттик жумуш менен алектенип, чоң кызматта отургандыктан ат бакканга убактысы жок болуп, күрөң атты үйүргө кошуп жиберет. Ал ат Жалпак-Таш колхозунун Жан-Чукур жайлоосунда, кыштоодо багылат. Жылкычылар аттын өзгөчөлүгүн байкап, жашыруун сатууга даярданып жатышкан жеринен Абдыкерим балбан билип калып, атты үйүнө алдырып, күлүктү жубайы Майрам таптайт. Майрам улак тартышка даярдап, суутуп, күн-түн дебей атка мээрим төгүп карайт. Абдыкерим балбан күрөң аргымак менен көптөгөн торпок тартыштарда, эр эңиштерде баш байгелерди багындырат. Күндөрдүн биринде Тар дарыясынын боюнда чоң торпок тартыш башталат. Аламан улак тартыштын кызуусунда торпок дарыяга түшүп кетет. Ошол жерден Абдыкерим балбан күрөң ат менен дарыяга кирип барып, торпокту суудан алып чыккан. Аты кыштын күнү сууну жиреп жээкке чыгып, шамалдай чуркаган экен. Аламан улак тартышты көрүп отурган Төрөбек балбан күрөң атка кызыгып, Абдыкерим балбанга барып, «мага сат» деп дароо жабышат. Ал жерден Абдыкерим балбан атты сатпай койгон. Кийин Төрөбек балбан Абдыкеримдин үйүнө көптөгөн балбандарды жана чоң кызматта иштеген адамдарды ээрчитип келип, атты сатууну суранат. Абдыкерим балбан макул болбойт. Аткени атты таптаган жубайы Майрам аргымакты сатууга макулдугун берген эмес. Бирок Төрөбек балбан Абдыкеримдин намысына тийип, «сен кандай балбансын? Жубайыңдын сөзүн уккан кандай мамлекеттик кызматкерсиң?» деген сөзү үчүн Абдыкерим балбан макул болуп, атты сатып жиберет. Төрөбек балбан акчасын толук бербей, калганын Казакстандагы ат оюндарынан келгенде берерин убада кылат. Ат бүт жабдыгы менен үйдүн короосунан чыгып баратканда көзүнөн жаш чыгып, кишенелеп, Майрам менен коштошкону айтылып жүрөт.

- 1962-1963-жылдары Төрөбек балбан күрөң аргымагы менен Казакстанга барат. Эр эңиштен бардык балбандарды четинен кулатып, ат чабышта баары артта кала баштайт. Ошол жерден казактар Төрөбек балбандын күрөң атын сатып алыш керек экенин же өлтүрүш керек экенин ойлошуп, аттын жемине ар нерсени кошуп бере башташат. Алгач майда мыктарды кошуп беришет. Ат жемди мыктардан иргеп жеп коёт. Андан кийин майда дарыларды кошуп беришет Ат аны жыттап, жебей коёт. Айласы кеткен казактар кадимки айнекти талкалап, аны электен майдалап өткөрүшүп, жемине кошуп беришет. Айнекте жыт болбогондуктан байкуш күрөң ат аны билбей жеп алат. Эртеси күлүк ат чабышка түшөт. Эң алдыда бара жатканда заматта шал сыяктуу кулап түшөт. Байкуш ат ошол жерден мууздалып, адалданат. Төрөбек балбан этин таштабай, көз жашын төгүп Өзгөнгө ала келет. Этин элге таратып, калган акчаны жана бир аз этин көтөрүп алып Абдыкерим балбанга барат. Абдыкерим балбан «жок, өлүп калган аттын акчасын кантип алам? Ал аттын этин жегенге да батына албайм» деп көзүнө жаш алат. «Бир атты эптей албаган кандай балбансың, Төрөбек?» деп катуу капаланат. Экөөнүн акыркы маеги жана акыркы көрүшүүсү ошону менен жыйынтыктайт. Андан кийин чиренген эки балбандын бир дагы уулу балбан болгон эмес. Оомат кеткен эки балбан окшош ооруга чалдыгып, 1986-жылы Төрөбек балбан, ал эми 2003-жылы узак убакыттан бери төшөктө жаткан Абдыкерим балбан көз жумат.

- Күрөң аттын өзгөчөлүгү — алдыңкы эки бутунун колтугунда кичинекей канаты болгон. Бою — 1,70 сантиметрдин тегереги. Кулагында шам сымал бүртүкчөсү бар болчу. Төрөбек балбан минерде ат ылдый болуп турчу. Анткени аны аял киши таптаган. Майрамдын бою кичирээк болгондуктан акылдуу ат чөгөлөп турчу. Аргымак көңүлүнө жаккан адамга гана миндирчү экен.

Казыбек Мамасадыковдун айтымында, быйыл Төрөбек балбандын 110 жылдыгы, ал эми Абдыкерим балбандын 100 жылдыгы болот.

Казыбек Мамасадыков маалыматты кимдерден жыйнаган?

- Күрөң аргымакты үйүрдө баккан жылкычы Макен Калыков, 80 жашта;

- Абдыкерим балбандын кызы Жибек Эсеналиева, 66 жашта жана анын уулу Пазылбек Эсеналиев 69 жашта;

- Төрөбек балбандын замандашы Акишбай балбан, Кара-Кулжа районунун белгилүү балбаны, 2 жыл мурда каза болгон;

- Төрөбек балбандын өкүл кызы Үркыз Чоңдолоева, 85 жашта;

- Чымбай айылынын аксакалдарынын оозеки кептери.

Буга чейин Turmush басылмасы Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылынан чыккан балбан Төрөбек Абакиров жөнүндө жазган. Балбан тууралуу анын улуу келини Баарикан Базаркулова айтып берген.

Толук маек бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×