Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
БаракелдеМаек 04.02.2020 17:01

Мекендештер: Эки жолу окууга өтпөй калып, учурда Түркияда 20 миң сом стипендия алып окуп жаткан Айбек Теңизбаев. Сүрөт

Айбек Тенизбаев
Айбек Тенизбаев
// Turmush,

Turmush -  Мекендештер рубрикасынын кезектеги каарманы — 26 жаштагы Айбек Теӊизбаев. Ал жогорку окуу жайын мамлекеттик башкаруу адистиги боюнча аяктаган. Учурда Түркиянын Сакарья шаарында магистратурада билим алып жатат. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

А.Теӊизбаев Түркияда билим алуу үчүн башынан бир катар кыйынчылыктарды өткөргөнүн айтып берди.

«Мен 1994-жылы Нарын облусунун Чаек айылында төрөлгөм. Атам аскер кызматкери болгондуктан 4-классты аяктагандан кийин үй-бүлөм менен Чүй облусуна көчүп барганбыз. Ошентип 5-классты Сокулук районунда окуп, андан кийин Арашан айылында билим алып, 9-классты ошол жактан бүтүрдүм. Мектептен чийүү сабагын жакшы өздөштүргөнүмө байланыштуу архитектор болууну кыялданып, 9-классты аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы окуу жайлардын бирине архитектура бөлүмүнө баргам. Тилекке каршы биздин окуу жайлар коррупцияга чырмалышып калыптыр. Акча бербегеним үчүн өзүм каалаган окууга өтпөй калдым. Анан 2013-жылы 18 жашымда тааныш байкем менен Москва шаарына иштегени кеттим. Ал жакта бир жылдай жүрүп, бутума тура албасымды түшүнүп, кайра мекениме кайтып баргам», - деди ал.

А.Теӊизбаев Россияда жүргөндө жашоого болгон көз карашы өзгөрүп, кайра билим алууну чечкен.

«Мен Россияда соода-сатык менен алектенген кыска убакытта көп нерсени түшүнүп, келечегимди түп тамыры менен өзгөртө алдым. Ал жакта кыргызстандык мекендештер көп болгондугуна байланыштуу окуган жана билим албаган адамдарды салыштырып көрдүм. Жогорку билими жок адамдын жашоосу убактылуу жумуш, маяна менен чектелерин билдим. Мекениме кайтып, сөзсүз түрдө жогорку билим алышым керек экенине ынандым. Ким билет, балким Москвага барбасам азыр таптакыр башка Айбек болмокмун. Анткени жашоомдогу кичинекей бурулуш келечегимди өзгөрттү», - деди Айбек Теӊизбаев.

Ал 2014-жылы Бишкек шаарына кайтып келгенден кийин кайрадан жогорку окуу жайга барып, бирок экинчи ирет дагы өтпөй калган.

«Атам аскер кызматкери болгондуктан мен да анын жолун жолдоп, атам окуган окуу жайга барууну чечтим. Экинчи жагынан ата-энем "үмүтүӊдү үзбө, окууга бар" деп түрткү берди. Анан аскердик жана башка окуу жайларга документ тапшырдым. Аскер окуу жайына аябай даярданып, сынакта өзүмө ишенгем. Ал жакка акча берген жокмун. Сынакка даярдангандар өтпөй калып, акчалуулар өтүп кетти. Ошондо катуу ызаланып, окуу жайдын комиссиясына кайрылганда, алар абалды моюнга алышты. Ошол эле учурда Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясына өз күчүм менен өтүп кеттим. Ал жакта 4 жыл бакалавр боюнча билим алып, 2018-жылдан бери Түркияда окуп жатам», - деди А.Теңизбаев.

Ал эмгек жолун Кыргызстандан баштоону каалайт.

«Түркияда билим алып жатканым келечегиме да жакшы таасир калтырат. Бул жакта коррупцияга жол берилбейт экен. Өз күчүӊ менен билим алам десеӊ, китепканалар 24 саат бою иштейт. Азыр окуудагы ийгилигим үчүн 20 миӊ сомдой стипендия алам. Магистратураны аяктагандан кийин тажрыйбамды дароо мекенимде колдонуп, өнүгүүгө аракетимди жумшайм. Себеби мамлекетибизге башка жактан адистер келип иштеп бербейт. Коррупцияны жоюш үчүн келечек муун менен мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүү керек деп эсептейм», - деди А.Теӊизбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×