Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Нарын облусуНарын 05.02.2020 11:44 На русском

Коронавирус: Кытайдан келген кыргызстандык айдоочулар кайсы жерге жаткырылууда?

Обстановка на КПП «Торугарт-автодорожный»
Обстановка на КПП «Торугарт-автодорожный»
// Турмуш

Turmush -  Кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайында коронавируска каршы даярдыктар көрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Кытай Эл Республикасында коронавирус илдетине карата эпидемиологиялык кырдаал түзүлгөндүгүнө байланыштуу кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайында күчөтүлгөн абал киргизилген.

«Чек ара жабык. Бирок Кытай Эл Республикасынын аймагында чек аранын ачылышын күтүп жаткан кыргыз жарандарын Кыргыз Республикасынын аймагына өткөрүп, тосуп алуу иш-аракети көрүлүп жатат. Алар жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Коронавирусту алдын алуу боюнча өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкуловдун буйругу менен атайын штаб түзүлүп, иштеп жатышат.

«Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайында 100 адамга ылайыкталган жарандарды кабыл алуу жана жайгаштыруу пункту уюштурулуп, бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Жуунуучу, тамактануучу, эс алуучу бөлмөлөр жылытылып, тамак-аш кору даярдалган. Ал жерде тиешелүү бардык кызматтардын өкүлдөрү нөөмөттө болуп, келген жарандарды тыкыр көзөмөлдөн өткөрүү менен тосуп алууда.

«Торугарттагы бардык зоналарга карантин коюлган. Чек арадан өткөн жарандар тепловизор аппаратынын жардамы менен санитардык-карантиндик текшерүүдөн өтүп, андан соң кооптуу белгилери жок болсо убактылуу жашай турган обсерваториялык жайда дарыгерлердин көзөмөлүндө 3-4 суткага чейин жашап турушат. Бардык гигиеналык каражаттар менен камсыз болушкан. Эгерде чек арадан өтүп келе жаткан жарандардын дене табы көтөрүлүп же кандайдыр бир оорунун белгилери аныкталса, изоляциялык жайга жеткирилип, ошол жакта дарылоого шарт түзүлгөн.

Бирок азыр абал тынч. Эч кандай кооптонууга негиз жок. Келген жарандар убактылуу жашоочу обсерваториялык жайда жашап жатышат.

Ал эми айдоочулардын автоунаалары толугу менен дезинфекцияланып, андан кийин өткөрүлөт», - деп кошумчалады басма сөз кызматы.

«Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайынын кызматкерлеринин айтымында, чек арадан жүгү жок автоунаалар жана алардын айдоочулары гана тыкыр текшерүүдөн кийин өткөрүлөт. Ал эми башка жарандардын өтүүсүнө жана жүк ташууга убактылуу тыюу салынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×