Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Чүй облусуСокулук району 13.02.2020 08:22

Сокулукта күйүүчү май сакталган контейнер өрттөнүп кетти

Turmush -  Кечээ, 12-февраль күнү Чүй облусунун Сокулук районундагы Селекция айылында күйүүчү май сакталган контейнер өрттөнүп кетти. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.

Ал эми ӨКМдин басма сөз кызматы бул маалыматты такстыктап, өрт өчүрүүгө 2 өрт өчүрүү бөлүмү тартылганын билдирди.

«Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоонун контейнерге жакын жайгашкан турак жайларга, башка объекттилерге өтүп кетишине жол беришкен жок. Өрт толугу менен өчүрүлдү», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×