Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Ысык-Көл облусуТүп району 13.02.2020 13:12

Түптө советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышынын 31 жылдыгы белгиленди

Turmush -  Түп районунда советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышынын 31 жылдыгы белгиленди.

Ооган согушунун Түп районундагы ардагерлер кеңешинин төрагасы Эсен Черикбаевдин айтымында, Түп районунан ооган жерине 86 жоокер кеткен.

«Жоокерлердин үчөө согуш майданында курман болгон. Калган 17 ардагер союз мезгилинен кийин Россияга көчүп кетсе, 18 ардагер ден соолуна байланыштуу көз жумган. Учурда 47 ардагер ар жылы майрамды белгилеп келе жатабыз», - деди Черикбаев.

Иш-чарага ооганчы ардагерлер, окуучулар катышты Андан соң ардагерлер окуучулар менен спорттук мелдешке катышып, аскер тамагынан ооз тийди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×