Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 13.02.2020 13:43

Жети-Өгүздө Улуу Жеңиш майрамына карата эстеликтер жаңыртылат

Турдубек Ишебаев
Турдубек Ишебаев

Turmush -  Жети-Өгүз районунда Улуу Жеңиш майрамына карата 75 көчөт олтургузулуп, эстеликтер жаңыртылат. Бул тууралуу аймактык кабарчысына Жети-Өгүз райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Турдубек Ишебаев билдирди.

«75 көчөт отургузулуп, ар бир айылдагы эстеликтер оңдоодон өтүп, жаңыртылат. Мындан сырткары Жети-Өгүз, Желе-Дөбө жана Светлая Поляна айылдарындагы эстеликке аскердик техника коюлат. Ошол эле учурда райондон чыккан советтер союзунун баатырлары туурасында банерлер илинет. Ал арада мектептерде эрдик сабагы өтөт. Учурда өзүм баштап окуучуларга ошол согуш жылдары, ал кездеги кыйынчылыктар, жеништин келишин ошол сабакта айтып берип жатам. Жети-Өгүз районунда жеңиштин 75 жылдыгын татыктуу өткөрүү боюнча аракеттер күч», - деди ал.

Райондон Улуу Ата Мекендик согушка 4500 миң жоокер аттанса, анын 2500 согушта курман болгон. Алардын ичинен 800 жоокер дайынсыз кеткен. Учурда райондо согуштун 6, тылдын 18 ардагери бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×