Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Ысык-Көл облусуТоң району 13.02.2020 14:53 На русском

Жаш тарыхчыны желкеге чапкан апа, «писает» деген окуучу: Мугалим Р.Сатышеванын жумушундагы күлкүлүү окуялар (сүрөт)

Turmush -  Тоң районунун Коңур-Өлөң айылынын 34 жаштагы тургуну Раушан Сатышева Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы мамлекеттик университетин бүтүргөн. Бишкек шаарындагы Кыргыз билим берүү академиясында экинчи билимин алган. Кесиби боюнча орус тили жана адабияты мугалими. Педагог менен аймактык кабарчы маектешти.

Өзүнүн айтымында, Ак-Суу районуна караштуу Маман айылында туулган. 1992-жылы мектеп босогосун аттаган. 2003-жылы орто мектепти бүтүргөндөн кийин жогорку окуу жайына тапшырып, аны 2008-жылы ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун Бишкек шаарындагы №62 окуу-тарбиялоо мектеп-гимназиясында баштаган. Ал жактан көптөгөн ардак грамоталарга ээ болгон. 2013-жылы Тоң районуна караштуу Коңур-Өлөң айылына келин болуп барган.

«Жолдошумдун колдоосу менен Кыргыз билим берүү академиясында орус тили жана адабияты адистиги боюнча экинчи билимге ээ болгом. Азыр Коңур-Өлөң айылындагы К.Иманалиев мектебинде эмгектенем. Көбүнчө башталгыч класстарга сабат өткөндүктөн, сабакка байланыштуу оюндарды ойнотом.

2007-жылы биринчи жолу Каракол шаарындагы Некрасов атындагы мектепке практикага баргандан баштап мугалимдик кесипке жан дилим менен бериле баштагам. Мени балдардын жан дүйнөсүнүн тазалыгы, оюндагысын эч тартынбай айткандыгы абдан кызыктырган. Студент кезимде лагерлерде вожатый болуп иштегем. Негизи студент кезимден баштап жалаң балдар менен иштептирмин.

Сабак башталганда тилибизди көндүрөлү деп ар кандай сөздөрдү айттырам. Мисалы овощи и фрукты, домашние и дикие животные, вежливые слова деген сөздөрдү. Сабакты окуучуларга бири-бирине комплимент айттыруу менен да баштайм», - деди Раушан Сатышева.

Ал жумуш учурундагы кызыктуу окуялары менен дагы бөлүштү.

«Бир жолу кар жаап жаткан. Эшиктин алдында чоң класста окуган окуучу тамеки тартып жаткандай көрүнгөн. Бир карыган апа аны "уят эмеспи" деп желкеге чаап жатпайбы. Тиги бала чочуп караса эле жаңы келген жаш тарыхчы мугалим экен.

Черепанова деген бир окуучу кыз бар болчу. Аны баары "черепашка" деп шылдыңдашчу. Ал нерсе кызга жакчу эмес, ошондуктан ким аны "черепашка" деп атаса, барып эле чаап, тээп же түртүп калчу. Андан кийин кызга "черепаха-ниндзя" деп кайрылып калышканы эсимде.

Айылдагы балдар орусча жакшы сүйлөй алышпайт да. Сабак учурунда орусча сөздөрдү айттырып жарыштырам. Бир жолу “жазат" деген сөз орусча кандай болот?” десем, бир окуучу "писает" деп жооп берди. Баары күлүп, аны “пишет” деп оңдодук. Көбүнчө сөздөрдү туура эмес айтып алганда күлкүлүү окуялар болот. Туура эмес болсо да аракет кылып жооп берген окуучуларыма абдан ыраазымын. Сөзгө басымды туура эмес коюп айтканда да күлкүлүү учурлар болуп калат», - деди педагог айым.

Анын жолдошу Эсенгул уулу Жеңишбек 1980 жылы Коңур-Өлөң айылында туулган. Фермер. Жубайлардын 3 кызы бар. Улуусу 6 жашта, аты Гүлниза, ортончусу 4 жашта, аты Дина, кичүүсү 2 жашта, аты Уулжан.

«Келечекте кыздарыма татыктуу тарбия, билим берип, үлгүлүү ата-эне, жумушумда эл мугалими болсом деген ниетим бар», - деди Раушан Сатышева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×