Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Талас облусуТалас 13.02.2020 16:29

Таластагы окуучулар милициянын операциялары менен таанышты

Turmush -  Кечээ, 12-февралда Талас ОИИБде окуучулар үчүн ачык эшик күнү уюштурулду. Бул тууралуу аталган түзүмдөн билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарага Талас жана Бакай-Ата райондорунун окуучулары келишти. Аларга атайын багыттагы полктун өкүлдөрү кылмышкерди кармоо жана барымтага алынгандарды бошотуу сыяктуу ар кандай операциялардын жүрүшүн көрсөтүштү. Нөөмөт бөлүмүнөн баштап, арыз же билдирүүлөр болгондо кандай чаралар көрүлөрү айтылды. Кызыккан окуучулар атайын багыттагы полктун каражаттарын көрүп, зоот кийимдерин кийип көрүштү. Андан кийин Талас шаарындагы кинотеатрында патриоттук, тарбиялык мазмундагы видеороликтер көрсөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×