Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Талас облусуТалас 13.02.2020 17:00 На русском

Таласта сууга хлор чачып, балык кармаган адам изделип жатат

Turmush -  Талас шаарында сууга хлор чачып кармаган адам изделип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 11-февраль күнү Талас шаарынын А.Огонбаев көчөсүндө жайгашкан каналдан агын сууга белгисиз адамдар хлор чачып, суудан балык кармашып, экологияга зыян келтирилгендиги тууралуу видео тараган. Видеонун чындыгын тактоо максатында окуя болгон жерге Талас ШИИБдин тергөө тобу барып, текшерүү иштерин жүргүзгөн. Анын жүрүшүндө өлгөн балыктар далил зат катары алынып, иликтөө иштери башталган. Бул факты боюнча 12-февралда Жазык кодексинин 289-беренеси (сууларды булгоо) боюнча сотко чейин өндүрүш иши башталды. Социалдык тармактарга тараган маалыматтарда көрсөтүлгөндөй, кызыл түстөгү «ВАЗ-2107» үлгүсүндөгү унааны ээсин жана анын жүргөн аныктоо боюнча багыттамалар берилди.

Балык кармоого шектелген адам

Окуя тууралуу:

Бүгүн 13-феврада Талас шаарынын тургундары Советская көчөсүндө аккан каналга сууга хлор салып, балык кармап жаткандарга нааразы экендиктерин билдиришкен.

«Бул каналдан аккан суу Талас шаарынан чыккан соң төмөнкү айылдарга агат. Бул жакка улам бири келип, сууга ар кандай заттарды салып, балыктарды кармашууда. Көбүнчө хлор салгандарын көрүүгө болот. Бул жерден ошондой жол менен кармалган балыктар кайра эле базарда сатылуусу мүмкүн. Малга да сууга да зыян болуп жатат. Жергиликтүү бийликти бул нерсеге кайдыгер карабастан бир чара көрүүсүн суранабыз», - деген алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×