Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 13.02.2020 17:10

Жалал-Абаддын мэри менен Япониянын элчиси жолугушту. Сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 13-февралда Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев Япониянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Сигэки Маэданы кабыл алды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Тараптар Япония өлкөсү менен Жалал-Абад шаарынын өз ара алакасы, келечектеги пландар жана буга чейин бирге аткарылган иштер боюнча талкуулашты.

Мураталы Тагаев Жалал-Абад — Кыргызстандагы ири шаарлардын ичинен 3-орунда турарын, калаада социалдык-экономикалык, туризм жана коммуникация тармактарын мындан ары да өнүктүрүүгө толук шарттар бар экенин айтып, шаар бийлиги кызматташтыкты жандантууга ар дайым даяр экенин кошумчалады.

Жолугушууда Япония Кыргызстанда, аны менен бирге Жалал-Абад шаарында балдардын ар тараптуу өсүп-өнүгүүсү үчүн көмөк көрсөтүп келерин, бул багытта аракеттер дагы да улантылары айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×