Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Ысык-Көл облусуТүп району 13.02.2020 23:32

Түптө «Жеңиш» сейил багы оңдоп-түзөлөт

Turmush -  Түп айылындагы «Жеңиш» сейил багы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, тургундардын эс алуусуна толук шарттар түзүлөт. Бул тууралуу Түп районунун акими Элчибек Жантаев билдирди.

Түп райондук мамлекеттик администрациясында Түп айылындагы «Жеңиш» сейил багын реконструкциялоо боюнча тийиштүү мекеме-жетекчилердин жана Түп айыл өкмөтүнүн активи, айылдык кеңештин депутаттарынын катышуусунда жыйын өткөрүлгөн. Кеңешмеде долбоордун сметасына толуктоолорду киргизүү жана долбоорду ишке ашыруу боюнча тапшырмалар берилди.

«Түп айыл өкмөтү тарабынан сейил бакты оңдоого 3,5 млн сом каралып, сметага толуктоолор киргизилгенден кийин кошумча каржылоо жагы каралат», - деди аким.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×