Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Чүй облусуЧүй району 14.02.2020 09:54

Бөтөлкөлөшүн өлтүргөнүн унутуп калган кишинин окуясы

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Чүй РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүcү, милициянын майору Жашин уулу Эрнис апасынын жолун жолдоп, бала кезден кыялданган кесибине жеткен. Тергөөчү менен аймактык кабарчы таанышты.

Жашин уулу Эрнис бир бөтөлкө айран, нан алып келген апанын батасын унутпайт.

«2013-жылы Токмок ШИИБде күзөттө турганда бир апа келип, жашоосундагы кыйынчылыктарды айтып, бирөөлөргө алданып калганы боюнча арыз жазган эле. Ошол арыздын негизинде иш алып барып, акырында апаны алдап кеткен адам табылып, жоопко тартылган. Ошондон бир топ убакыт өткөндөн кийин жанагы апа келип, баштыгынан бир нан жана бир бөтөлкө айранды чыгарды дагы, «балам, жардам бергениӊе рахмат, колумдан келгенимди алып келдим» деп батасын берип кеткен. Ошондо менин кесибим элге канчалык керек экенин түшүнгөм. Эл менен жакын болсоӊ, анда сен чыныгы кызматкерсиӊ», - деди ал.

Каарманыбыз дагы бир кылмыштуу окуяны баяндады.

«Бул окуя дагы эсимде калыптыр. 2018-жылы болсо керек. Болжол менен саат 11:00 чамасында Бишкек—Торугарт жолунун 60-чакырымында, Токмок шаарынын Ю.Дунларов атындагы көпүрөсүнүн түштүк тарабында 40-45 жаштардагы, азиат түспөлүндөгү эркек кишинин жансыз денеси табылган. Ал адам киши колдуу болуп өлгөнү аныкталган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 1-бөлүгү (Адам өлтүрүү, эски ред.) менен кылмыш иши козголду. Ыкчам аракеттердин негизинде өлгөн адамдын өздүгү аныкталып, ал Тажикстан Республикасынын Жерге-Тал районунда туулганы, бирок Чүй районунун тургуну экени маалым болду. Бул боюнча ыкчам тергөө кызматкерлери менен биргеликте иш жүргүзүлө баштады. Акырындан кылмышкердин жүргөн жери аныкталды. Ал малчы болуп кетиптир. Муштумунун карттары дагы деле айыга элек экен. Анын көрсөтмөсүнө караганда катуу мас болуп, бөтөлкөлөшү менен мушташып кетиптир. Андан кийин эмне болгонун билбейт. Баарын унутуп койгон. Тиешелүү экспертизалардын корутундуларына ылайык, ал аталган кишини мыкаачылык менен сабап өлтүргөнү аныкталган. Акыры анын күнөөсү далилденип, кармалган», - деди ал.

Милициянын майору 2001-жылы Талас облусунун Манас районуна караштуу Покровка айылындагы орто мектепти бүтүргөндөн кийин көптөн бери кыялданып жүргөн кесипке ээ болууну чечкен.

«Себеби апам милиция кызматкери болгондуктан, кичинекей кезимден эле чоӊойгондо милиция кызматкери болуп, кылмыштуулукка каршы күрөшөм деп кыялданып жүрчүмүн. Ошентип 2001-жылы ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы академиясына барып, аны 2006-жылы ийгиликтүү аяктап алдым. Эмгек жолум 2006-жылы сентябрь айында Чүй РИИБдин тергөө бөлүмүнө тергөөчү болуп дайындалуу менен башталды. 2013-жылдан 2019-жылдын май айына чейин Токмок ШИИБдин тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү кызматында иштеп, андан кийин Чүй РИИБдин тергөө кызматына которулуп, бүгүнкү күнгө чейин эмгектенип келем.

Үзүрлүү эмгектин арты менен министрликтен, башкармалыктан, мэриядан бир нече жолу ардак грамоталар, «Азамат» 3-даражадагы медалы, «Мыкты кызматкер» төш белгиси жана башка сыйлык, наамдар менен сыйландым», - деди ал.

Жашин уулу Эрнис 1984-жылы Талас облусунун Манас районуна караштуу Покровка айылында туулган.

«Өзүм үй-бүлөлүүмүн, жубайым — Айгүл Жолдошбекова. Уулу кызым Жыпара Жашинова 5-класстын окуучусу, экинчи балам Данияр Жашинов 4-класстын окуучусу, үчүнчү балам Даниэл Жашинов 2017-жылы төрөлгөн», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×