Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуКара-Көл 14.02.2020 10:31

Кара-Көлдөгү окуучулар «Манас таануу» таймашында күч сынашты

Turmush -  13-февралда Кара-Көл шаарында «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы болуп өттү, деп билдирет аймактык кабарчы. Аталган иш-чара Салимбай Турсунбаевдин «Манас» эпосунан үзүндү айтуусу менен башталды.

Бул таймашка шаардын Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын «Эрдик», «Манас», «Кабылан» командалары, Фрунзе атындагы №3 жалпы билим берүү мектебинен «Каныкей», «Кыз Сайкал», Шопоков атындагы №4 орто мектептен «Кырк чоро», Түлөбердиев атындагы №2 инновациялык жалпы билим берүү мектебинен «Айкөл Манас», Т.Темиров атындагы №6 орто мектебинен «Каныкей», К.Хуриев атындагы №5 орто мектептен «Кыз Сайкал» командалары катышты.

«Манас таануу» интеллектуалдык таймаштын шартына ылайык, Саякбай Каралаевдин варианты боюнча «Манас» бөлүмүнөн түзүлгөн 220 суроо, «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрүнөн түзүлгөн 160 суроонун негизинде сынак өткөрүлдү. Тактап айтканда, калыстар тобу жеңүүчүлөрдү «Атын жактоо», «Үчилтик», «Сыр куржун», «Күтүлбөгөн суроо», «Өз ара суроо» тапшырмалары аркылуу аныкташты. Жыйынтыгында 1-орунду Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиянын «Манас» тобу, 2-орунду ушул эле мектептин «Эрдик» тобу, 3-орунду Шопоков атындагы №4 орто мектептин «Кырк чоро» тобу ээледи. Сынакка катышкан 26 окуучуга тең грамота тапшырылды.

Иш-чара Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназияда өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×