Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Нарын облусуНарын 14.02.2020 10:58

Нарын шаарында волейбол боюнча турнир уюштурулду

Turmush -  Нарын шаарында советтик аскерлердин чектелген контингентинин Ооган жергесинен чыгарылышынын 31 жылдыгына карата волейбол оюну боюнча мелдеш өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ага облус аймагынан келген 25 курама команда катышты. Алар төрт топко бөлүнүп ойношуп, топтун жеңүүчүлөрү финалдык оюнда ат салышты. 3-4-орундар үчүн Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын командасы менен Ак-Талаа районунун Куртка айылынын командасы ойноп, оюн 3:2 эсебинде аяктап, «Ача-Кайыңды» командасы 3-орунду алды. Ал эми 1-2-орундар үчүн облустук ички иштер башкармалыгынын командасы менен облустук улуттук коопсуздук башкармалыгынын командасынын ортосунда мелдеш өтүп, күйөрмандарга кызыктуу оюн тартуулашты.

Оюн атаандаштыкта өтүп, облустук ички иштер башкармалыгынын командасы 3:0 эсебинде жеңилүүгө аргасыз болушту. Жыйынтыгында 1-орунду облустук улуттук коопсуздук башкармалыгынын командасы ээлеп, кубок менен сыйланды. 2-орунду облустук ички иштер башкармалыгынын командасы камсыз кылышты. Жеңүүчүлөрдү Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров жана Ооган согушунун ардагерлеринин Нарын шаарындагы кеңешинин төрагасы Токтобек Оморов куттукташып, тиешелүү даражадагы диплом, медалдарды жана акчалай сыйлыктарды тапшырды. Ал эми Станбек уулу Ырысбек, Темирбек уулу Айтбек, Алишеров Шабдан, Жумалиев Адилет, Кадырбек уулу Нурсултан мыкты оюнчу деп табылып, баалуу белектер менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×