Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Талас облусуТалас 14.02.2020 12:49

Таласта Ооган согушунда мерт болгон жоокерлер эскерилди

Turmush -  Бүгүн, 14-февралда Талас шаарындагы «Баатырлар» сейил багында советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 31 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, саамалык согушта курман болгон жоокерлерди эскерүү мүнөтү менен башталды. Майрам ээлерин облус жетекчиси Марат Мураталиев куттуктады. Аларга №2029 аскердик бөлүгүнүн жана Талас шаардык мэриясынын ардак грамоталары, ыраазычылык каттары, акчалай сыйлыктары ташырылды. Иш-чаранын соңунда ардагерлерге маданият кызматкерлеринин концерттик программасы тартууланды.

Талас облусунан Афганистанга 357 адам барган. Учурда алардын ичинен 141 ардагер бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×