Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Талас облусуТалас району 14.02.2020 14:45

Өрт менен айылды дүрбөткөн балдар: Баатыр эне Г.Молдалиеванын энелик бактысы (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Чоң-Токой айылынын 51 жаштагы тургуну Гүлжан Молдалиева 4 кыз, 3 уулду чоңойткон бактылуу эне. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Кеңеш айылында төрөлгөн.

«Мен мектепти бүткөн жылдары барктуу болуп жаткан дүкөнчүнүн окуусунда окугам. 1987-жылы Чоң-Токой айылына турмуш куруп келдим. Жолдошум Борукеев Таласбек 5 бир туугандын кичүүсү. Ал убагында мугалим болуп иштеген. Учурда дыйканчылык менен алек.

Көп жылдан бери соода тармагында иштеп, учурда сүттөн азыктарды жасап эмгектенем. Кичинемде көп балалуу болсом экен деп самап, эми алардын ийгиликтерине күбө болуп, бактысына бөлөнүп отурабыз. 2017-жылы «Баатыр эне» сыйлыгын алдым. Сыйлык балдарымдыкы. Негизи 10 балалуу болуп, анын үчөө чарчап калган. Балдарды чоңойтуп, алардын түйшүгүнө эне чыдайт. Көп балалуу энелер түйшүктү көбүрөөк тартышат.

Дастан менен Алтынай экөө удаа чоңоюшту. Күз айы эле, экөө мектепке окуй элек кези. Биздин эшиктин алдында суу тынбай агып турчу. Ошол сууга ойношуптур. Үшүп кеттик деп жыйылып турган 4-5 фургон чөптү күйгүзүп жылынабыз дептир. Кургак чөп заматта күйүп, жалпы айылды дүрбөтүшкөн (күлүп). Ошондой учурларда дагы балдарды урган жокпуз. Өздөрү дагы коркуп турганда... Негизи баланы уруп тарбиялаганга каршымын. Алар эми чоңоюп, жардамга келип калышты.

Улуу кызым кыргыз жигитке турмушка чыгып, Лондондо жашашат. Экинчи кызыбыз дагы турмуш жолунда. Үчүнчү кызыбыз түрк элине келин болгон», - деди ал.

Гүлжан айымдын уул-кыздары:

- Борукеева Айгерим 1989-жылы төрөлгөн;

- Борукеева Айзада 1990-жылы төрөлгөн;

- Таласбек кызы Айчолпон 1993-жылы төрөлгөн;

- Кенжебеков Дастан 1998-жылы төрөлгөн;

- Борукеева Алтынай 1999-жылы төрөлгөн;

- Борукеев Амантур менен Эсентур 2011-жылы төрөлүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×