Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Чүй облусуСокулук району 14.02.2020 15:27

Гавриловкадагы элдик жыйында жер маселеси көтөрүлдү

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Гавриловка айыл өкмөтүнүн Жангарач айылында элдик жыйын болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага район акими Асылбек Сатывалдиев, ЖК депутаты Эльвира Сурабалдиева жана башка жетекчилер келип катышты. Анда айыл өкмөт башчы Медер Чынарбеков 2019-жылы аткарылган иштер жана 2020-жылдагы пландары боюнча элге маалымат берди. Өз кезегинде эл тарабынан суроолор узатылып, жерди трансформациялоо жана таза суу маселеси көтөрүлдү.

Айыл өкмөттүн маалыматы боюнча, 2021-жылы АРИСтин «Ала-Тоо булагы» долбоору менен Гавриловка жана Романовка айылына суу чыгаруу планы турат. Ошондой эле Жангарач айылына таза суу 2020-жылы Чүй облусунун өнүктүрүү фонду аркылуу кирет. Ал эми Шалта айылында ушул жылдын жаз мезгилинде таза сууну ар бир үйгө киргизүү пландалган.

Элдик жыйындын соӊунда айыл өкмөттүн иши канааттандырылып, жакшы деген баа берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×