Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Нарын облусуНарын 14.02.2020 15:35

Нарын шаарында Ооган согушунун ардагерлери сыйланды

Turmush -  Бүгүн, 14-февралда Нарын шаарында советтик аскерлердин чектелген контингентинин Оогандан чыгарылышынын 31 жылдыгы белгиленди.

Митинг-реквиемди Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров ачып, интернационалдык милдетин аткарып келишкен Ооган согушунун ардагерлерин куттуктады. Эскерүү иш-чарасында өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Касен Азисов, Нарын облусу боюнча чек ара башкармалыгынын башчысы, полковник Уланбек Сатиев, Нарын районунун акими Семетей Черикбаев, Нарын облустук Ооган ардагерлеринин коомдук бирикмесинин төрагасынын милдетин аткаруучу Токторбек Оморов, ардагерлер жана мектеп окуучулары катышты.

Эскерүү митингде согуш талаасында курман болгондорго арналып куран окулуп, эскерүү мүнөтү жарыяланды. Андан соң келген меймандар куттуктоо сөздөрүн жолдошту. Нарын шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн айрым ардагерлерге Нарын шаардык кеңешинин жана Нарын шаардык мэриясынын ардак грамотасы жана баалуу белектери тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×