Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу 12.02.2014 12:02

Жалал-Абад облусунун жаратылыш газына болгон дебитордук карыз 8,6 млн сомду түзөт

Turmush -  Жалал-Абад облусу үстүбүздөгү жылдын 1-январына карата пайдаланылган жаратылыш газына жалпы дебитордук карыз 8 млн 636 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан маалымдашты.

Анын ичинен коммуналдык атказандардын карызы 6 млн сомду, калктын карызы 2 млн 386 миң сомду түзүп, калктын карызы 1 айлык керектөөнүн көлөмүнөн ашпаган.

Облустун жыл жыйынтыгын чыгарган отурумда айтылгандай, өткөн жылы жалпы көлөмү 30 млн 276 миң метр куб жаратылыш газы пайдаланылып, анын ичинен 9 млн 617 миң метр куб Өзбек Республикасынан, 20 млн 659 миң метр куб «Кыргызнефтегаз» ААК тарабынан камсыздалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×