Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 12.02.2014 13:26

Жумгалда өткөн жылы 340 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунда өткөн жылдын 12 айында жалпысынан 340 млн 195 миң сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн. Бул тууралуу маалымат жыл жыйынтыгында маалым болду, деп кабарлады «Баракелденин» аймактык кабарчысы.

Башкача айтканда, 2012-жылдын 12 айына салыштырмалуу 2013-жылы өнөр жай өндүрүм 105,8%га жеткен.

Өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын 94,9%ы көмүр өндүргөн ишканаларга таандык. Тактап айтканда, райондун аймагындагы көмүр казуучу ишканалар тарабынан 399 миң 628 тонна көмүр казылып алынып, 2012-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 27 миң 550 тоннага көп казылып алынган же 107,4%ды түзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×