Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 12.02.2014 13:30

Жумгалдагы 13 көмүр казуучу ишканалардын бешөө гана планды ашыкча аткарышты

Turmush -  Жумгал районунун аймагындагы 13 көмүр казуучу ишканалардын ичинен беш гана көмүр ишканасы былтыркы жылга салыштырмалуу пландан ашык аткарышкан. Бул тууралуу аймактык кабарчы райондун жыл жыйынтыгын чыгарган отурумда маалымдалганын билдирди.

«Нарын-Көмүр» ЖЧКсы 134,9%, «АГК Тоо Инвест» ЖЧКсы 123,5%, «Кара-Кече» филиалы 104,5%, «Панд-Шер» ЖЧКсы 106,7%, «Берекет-Кен» ЖЧКсы 2 эсеге аткарышкан.

Ал эми төмөндөгү ишканалар өздөрүндө белгиленген план тапшырмадан чыкпай калышкан. Алсак: «Шарбон» ЖАК 77,6%, «Бусурманкул-Т» ЖЧКсы 87,7%, «Ак Жол Көмүр» ЖЧКсы 25,5%, «Жумгал Суу Курулуш» 92,8% болгон.

Пландан чыкпай калуунун эң негизги себептери — бул акча каражаттын жана өндүрүш техникаларынын жетишсиздиги болгон.

Жумгал районунда көмүр казуучу ишкана катары каттоодо турган «Варгас» жана «Демилге» «Центр Азия уголь» ишканалары бүгүнкү күндө белгисиз себептерден улам токтоп турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×