Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 13.02.2014 11:43

Жалал-Абад шаардык мэриясында ишкер аялдарды колдоо боюнча тегерек стол өткөрүлдү

Turmush -  Кечээ, 12-февралда Жалал-Абад шаардык мэриясынын кичи жыйындар залында аялдар кеңеши тарабынан тегерек стол өткөрүлдү, деп маалымдады шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Аталган тегерек столду өткөрүүнүн максаты - чет мамлекеттерге чыгып жаткан ишкер аялдарды колдоо болуп, шаардык банк кызматкерлери менен биргеликте тегерек стол өткөрүү жана мындан ары ишкер аялдар менен банк кызматкерлери биргеликте иш алып баруу маселелери каралды.

Шаардык аялдар кеңешинин төрайымы Турдукан Аманованын айтымында, алар мындай тегерек столдорду жылына 5 жолу ар кандай маселени коюп өткөрүшөт, негизги максаты - ишкер аялдарды колдоо болуп саналат.

«Мисалга алсак, кол өнөрчүлүгү менен Америкага барган аялдар бар. Өз күчү менен, эч кимден жардам сурабай китеп чыгарып жатышат. Ошол себептен банк кызматкерлери менен биргеликте тегерек стол уюштуруп, алардын да сунушун угуп, мындан ары биргеликте иш алып баруу жана кредит алуу, аны пайдалануу боюнча да кеңештерин айтып, кридит алууда жеңилдиктер айтылды», - дейт Аманова.

Белгилей кетсек, шаар аймагында 30га жакын ишкер аялдар бар, ал эми тегерек столго 25 ишкер аялдар жана 10дон ашуун финансылык кредит уюмдардын жетекчилери жана бөлүм башчылары келип катышышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×