Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 13.02.2014 13:19

Аламүдүн районунда туздуу, алыс, таштак жана экономикалык өндүрүшкө максатсыз 344 га жер бар

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда үстүбүздөгү жылдын 1-январына карата 8884 тонна эт өндүрүлдү (2012-жылы 8824 тонна).

Ошондой эле аталган райондо 46 517 тонна сүт азыгы (2012-жылы 46 454 тонна), 1,2 миң тонна жибек (2012-жылы 1,2 миң тонна), 31,9 млн даана жумуртка өндүрүлгөн.

2013-жылы 17 288 га түшүм жери жыйналып, түшүмдүүлүк 34 центнеринди түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу план 121,4%га аткарылган.

13 199 га жер айдалып, анын 10 784 га жерине урук себилип, 9 444 га жерге буудай, 1 340га жерге арпа, 4 235 га жери орулду.

Район боюнча 2380,4 га жер бар, анын ичинен ижарага 2058 га жер берилди. Ошону менен бирге эле өндүрүлчү жер тилкеси 597га жерди түзөт.

Райондо керектелбөөчү 344 га жер бар. Анын себеби жер туздуу, алыс, таштак жана экономикалык өндүрүшкө максатсыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×