Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу, Ош 13.02.2014 14:57

Ошто ишкерлер үчүн уюштурулган республикалык иш-чараларда жергиликтүү ишкерлер унутта калууда

Turmush -  Ишкерлер үчүн уюштурулган республикалык масштабдагы иш-чараларда жергиликтүү ишкерлер унутта калууда. Бул тууралуу «Жаш ишкерлер ассосациясынын» Оштогу төрагасы Шамшибек Эргешов билдирди, деп маалымдады аймактык кабарчы.

Анын айтымында, көбүнчө ишкерлерге арналган республикалык иш-чаралар Бишкек шаарында өтүүдө. Ал жерге өкмөттүн, Жогорку Кеңештин кадыр-барктуу чиновниктери катышып, ишкерлердин сунуш пикирлерин угуп, кызуу талкууларды өткөрүп турушат.

«Бирок, тилекке каршы, мына ошондой алгылыктуу иш-чараларга аймактарда чакан жана орто бизнести өнүктүрүп жаткан жергиликтүү ишкерлер чакырылбай калууда. Кыргызстандын экономикасы Бишкек менен эле чектелбеши керек. Жер-жерлерде бизнесмендер менен жолугушуулар, талкуулар өтүп турса, президентибиз күрөшүп жаткан коррурциялык иштерге да бөгөт коюлмак», - деди Ш.Эргешов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×