Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 14.02.2014 14:08

Жалал-Абадда журналисттер үчүн бюджеттик маалыматтарды чагылдырууга багыт берүү боюнча пресс-сессия болуп өттү

Turmush -  Бүгүн, 14-февралда Жалал-Абад шаарында журналисттердин башын бириктирген пресс сессия болуп өттү, деп билдирет шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Жалал-Абад аймагынан пресс сессияга 15 журналист келип катышты. Сессия Экономикалык журналистика мектеби тарабынан уюштурулуп, «Мөлмөл» мейманканасында өткөрүлдү.

Өнүктүрүү саясат институтунун бюджеттер аралык мамлелер боюнча эксперти Асылбек Чекировдун айтымында, мындай семинарларды өткөрүп туруу - журналисттер үчүн бир канча жакшы. «Анткени, азыр биз бюджетти кантип чагылдыруу керектиги боюнча окутуп жатабыз. Биздин максат —журналисттерге туура багыт берүү жана аз да болсо өз салымыбызды кошуп, ийгиликтерди багынтырууга көмөк көрсөтүү», - дейт А.Чакиров.

Белгилей кетсек, мындай пресс сессия кечээ Баткен облустунда болуп өткөн эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×