Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Нарын облусу 17.02.2014 09:35

Нарында чакан насыя алуучулардын саны азайды

Turmush -  Нарын облусу боюнча 2013-жыл ичинде 192 жумушсуз жаран чакан насыя алышкан. Бул көрсөткүч мурунку жылга караганда 53 адам аз насыя алды дегендикти билдирет. Мындай маалыматты облустук эмгек, миграция жана жаштар иштери боюнча башкармалыктын жетекчисинин орун басары Төрөбек Аруунов аймактык кабарчыга билдирген.

Чакан насыяны жумушсуздардын 71,9%зы (138 жаран) айыл чарба тармагы үчүн, 26%зы (50 адам) соода кылуу үчүн жана 2,1%зы (болгону 4 адам) кызмат көрсөтүү үчүн алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×