Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Талас облусуТалас району 18.02.2014 17:26

Талас районунда өткөн жылдын ичинде капиталдык курулуш иштерине жалпысынан 203 млн 188 миң сомдук капиталдык салымдар өздөштүрүлдү

Turmush -  Талас районунда өткөн жылдын ичинде 203 млн 188 миң сомдук капиталдык салымдар өздөштүрүлгөн. Бул тууралу аталган райондун акиминин биринчи орун басары Кубатбек Алапаев билдирди.

Анын ичинен турак жай курууга 99 млн 825 млн сомдук элдин каражаты, социалдык объектилерди курууга жана унаа жолдорду оңдоого республикалык бюджеттен 32 млн 900 миң сом, Япон гранты менен мектептерге эмеректерди алууга 2 млн 632 миң сом жумшалган.

Натыйжада райондун айылдарындагы бала бакчалар, унаа жолдор жана суу түтүктөрү капиталдык оңдоолордон өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×