Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусу 19.02.2014 16:19

Быйыл Иштамберди кенинин иши толугу менен жанданаары күтүлүүдө

Turmush -  Жалал-Абад облусунда өткөн жылдын жыйынтыгы менен өнөр жай, капиталдык курулуш тармактарынан башка тармактарда белгиленген божомолдор ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу КР өккмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусубалы Торомаматов маалымат жыйында билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, өткөн жылы өнөр жай тармагында 98,2% болуп, өндүрүлгөн 2 млрд сомдук продукция сатылбай калса, Ала-Букада Иштамберди кени текшерүү иштерине байланыштуу жарым жыл иштебей токтоп турду. Капиталдык курулушта 82,8%га аткарылгандыгынын негизиги себеби, бул Ала-Бука районундагы «Казакмыс Голд Кыргызстан» ишканасынын көрсөткүчү 2012-жылга салыштырмалуу төмөндөп кеткендигинен улам болду.

«Эми 2014-жылы Иштамберди кенинин иши толугу менен жанданып, «Казакмыс Голд Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун фабрикасы июнь айынан ишке киргизилүүсү күтүлүүдө. Экинчиси түндүк-түштүк альтернативалуу жолубуздун курулушу жаз айынан башталат», - дейт Ж.Торомаматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×