Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 20.02.2014 17:24

Чаткалда нан жана токоч бышыруучу кичи цех алынды

Turmush -  Чаткал районунун жаштар кеңеши тарабынан «Ысык нан» долбоору аркылуу Германиялык GIZ программасынан 240 миң сомго нан жана токоч бышыруучу кичи цех алынды. Бул тууралуу жаштар кеңешинин төрагасы Мыктыбек Кубатов маалымдады, деп билдирет аймактык кабарчы.

Анын айтуусунда, кичи цехти GIZ программасынын адистери Чаткалга март айында алып келип, орнотуп, ишке киргизип беришет.

Мыктыбек Кубатовдун ырастоосунда, нан бышыруучу цех ишке кирип калса, 2 адам жумуш менен камсыз болуп, 1-4-класстардын шашке чайын жаңы бышырылган ысык токочтор менен камсыздоо үчүн райондогу мектептер менен кызматташуу иш жүзүнө ашмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×