Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баткен облусу, Баткен 27.02.2014 11:08

Баткен шаарынын бюджети 2014-жылга карата 54,9 миң сомду түзөт

Turmush -  Баткен шаардык кеңешинин кечээ, 26-февраль күнү болгон сессиясында 2013-жылдык бюджеттин аткарлышын жана 2014-жылдагы бюджеттин бекитилиши жөнүндө маселелер каралды. Бул туурасында Баткен шаарындагы жергиликтүү гезиттин башкы редактору маалымдады.

Анда шаардык кеңештен 32 депутат катышып, жыйында шаар мэри Жаныбек Жалалов 2013-жылда аткарылган иштер боюнча отчет берди. Шаардык кеңештин депутаттары шаардык мэриянын аткарылган иштерине жакшы деген баа беришти.

2014-жылдын бюджети талкууланган соң, 54,9 млн сом менен бюджет бекитилип, бул каржат 2013-жылга салыштырмалуу 1,7 млн сомго көп.

Анын ичинен 1,7 млн сом шаарды көрктөндүрүүгө жана 19 млн сом социалдык төлөмдөргө жумшалмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×