Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 27.02.2014 11:47

Кара-Суу районунун жашоочулары өкмөт тарабынан жеңилдетилген насыяларды ала башташты

Turmush -  Ош облусундагы Кара-Суу районунун фермерлери 10% менен өкмөт тарабынан жазгы-талаа иштерине жеңилдетилген баада насыяны ала башташты.

Кара-Суу райондук акимдин орун басары Мурадыл Тешебаев маалымдагандай, бүгүнкү күндө жергиликтүү тургундар тарабынан 10 млн сом насыялар алынды.

«Кара-Суу району Ош облусунда агрардык иштер боюнча чоң район экенинин эске алып, азран насыянын жарымындай өлчөмү, биздин районго бөлүнгөн», - дейт ал.

Анын сөзү боюнча, насыялар арыздар менен бөлүнүп, 400 миңдей жашоочуга айыл чарба, мал чарбачылык жана эгин эгүүгө берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×