Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Нарын облусу, Нарын 27.02.2014 15:12

Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин долбоору коомдук талкууга алынды

Turmush -  Нарын шаарында кечээ, 26-февраль күнү ушул жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоору коомдук талкууга алынды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Аталган жыйында айтылгандай, шаардын быйылкы жылдагы капчыгы 73 млн 711 миң сомду түзөт. Ал эми жыйнала турган каражаттардын 72,2%ы же 53 185 миң сом жалпы мамлекеттик салыктардан чогултулат.

Калктан жыйналган каражаттардын 19%ы мамлекеттик кызматта иштегендерге сарпталса, дээрлик 39,7% акча турак-жай чарбасы тармагына берилет. Ошондой эле, билим берүү тармагына 21%, маданият жана спорт тармагына 8%, социалдык камсыздоо боюнча 10,5% каражат сарпталат. Ал эми эмгек акы үчүн 42%, жана социалдык коргоо үчүн төлөмдөргө 7%, тейлөө кызматтарына төлөөгө 13%, же (9 239 миң сом), унаа аркылуу тейлөө тармагына 7% (4 826 миң сом) сарпталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×