Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 28.02.2014 15:02

Ысык-Көлдүн Тоӊ районунда таштанды иштетүүчү цехтерди ачууну көздөп жатышат

Turmush -  Тоӊдун Күн Чыгыш айылында таштандыларды чыгаруу жана сорттоо боюнча семинар тренинг өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Семинар-тренинг Күн Чыгыш айыл өкмөтүнүн айыл тургундарынын катышуусу менен өткөрүлдү. Тренингдин жүрүшүндө таштандыларды кантип ташып чыгарып, кантип сорттоо керектигин үйөнүштү. Бавариялык таштандыны кайра иштетүүчү цехтерди ачуу маселеси тууралуу ой пикирлер айтылды.

Айыл тургундары таштанды иштетүүчү цехтерди ачуу демилгесин ар тараптан колдоого алышып, таштанды маселеси чечилсе деген каалоолорун билдиришти.

Тоӊ районунун тургундары көл жээгинде тазалыкты сактоо боюнча үч айлыкка активдүү катышып, тазалоо жумуштарын жасап келишкен. Таштандыны туш келди төгүп, өз көчөсүндө, короосунда тазалыкты сактабагандарга айып пул салышты. Бирок мындай чаралар жетишсиз экенине ынанышкан калк, таштандыны кайра иштетүүнү колго алууну колдошуп, жетекчиликтен да суранып жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×