Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 03.03.2014 11:05

Сузактын Багыш айылдык кеңешинин төрагасы быйылкы жылдагы бюджетти биргелегшип чечип, сарамжалдуу иштетүүгө убада берди

Turmush -  «Аймира» коомдук фондунун төрайымы Сузак районунун Багыш айыл өкмөтү эл аралык уюмдар менен кызматташып, натыйжада бир топ ийгиликтерге жеткенин белгиледи. Ал мындай маалыматты аталган айылдын өткөн жылдагы бюджетин талкуулоодо билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Коомдук фонддун төрайымы Өнүктүрүү саясаты институту менен кызматташып, 1 млн 100 миң сомго 1 трактор грант алышканын, ал трактор кышында көчөлөрдө жазында, жайындажана күздө таштандыларды ташуу үчүн кызмат кыларын билдирди. Мындан сырткары, эмерек жана уюштуруу техникалары алынгандыгын белгиледи.

Кемчиликтерге да токтолуп, маданият жана маалымат алмашуу багытында бөлүнгөн каражат жетишсиз экенин, демилгелүү топтун аракети басаңдап кеткенин, айыл өкмөтүнүн иштерине дайыма мониторинг жүргүзүп, талдап туруу зарылдыгын айтып, ачык, айкын иш алып бармайынча элдин ишеними болбой тургандыгын айтты.

Катышуучулардын пикиринде, коомдук талкуу ачык мүнөздө өтүп, аймактагы көптөгөн айыл өкмөттөргө салыштырмалуу калктын катышуучусу активдүү болду.

Багыш айылдык кеңештин төрагасы Жоробек Саипов 2014-жылдагы бюджетти биргелегшип чечип, сарамжалдуу иштетүү боюнча аракет кылабыз, деп элди ишендирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×