Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 03.03.2014 13:05

Жумгалда жергиликтүү кеңештердин депутаттарына бюджет боюнча коомдук угуулар өтүп жатат (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районундагы «ЛАРК Жумгал» коомдук фонду тарабынан райондун айыл аймактарындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарына, айыл тургундарына жана өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине «Жергиликтүү бюджетти бекитүүдөгү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын мааниси» деген аталышта коомдук угуулар өткөрүлүп жатат.

Коомдук фонддун директору Бектен Кадыров «Баракелденин» аймактык кабарчысына билдиргендей, учурда Жумгал районунун айыл аймактарындагы жергиликтүү айылдык кеңештеринин депутаттарына жана айыл тургундары менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө коомдук угуу, укуктук аң сезимди жогорулатуу, жергиликтүү жамаатка жана башка кызыктар болгон айыл калкынынын тургундарына айыл жериндеги көйгөйлүү маселелерди аныктап, аны бюджеттик угууларга көтөрүп чыгуу менен жылдык бюджетке киргизүүнүн ыкмаларын үйрөтүү болгон.

Коомдук угуу үстүбүздөгү айдын 27-28-февраль күндөрү райондун Миң-Куш жана Кабак айыл аймактарында болсо, 3-марттан баштап калган айыл аймактарында улантылаары айтылды.

Маалымат үчүн айта кетсек, коомдук угуунун долбоору ЮСАИД уюму тарабынан каржыланып, Борбор Азияны өнүктүрүү фонду менен ЛАРК «Бизнести жана укукту өнүктүрүү фонду» аркылуу ишке ашырылган.

DSCN3844

DSCN3851

DSCN3843

DSCN3856

DSCN3854

DSCN3845

DSCN3906

DSCN3905

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×