Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Чүй облусуСокулук району 03.03.2014 18:38

Свердлов райондук администрациясында бюджеттик угуу болуп өттү

Turmush -  Бүгүн, 3-мартта Бишкек шаардык мэриясынын Свердлов райондук администрациясында бюджеттик угуулар өткөрүлдү.

Бишкек шаардык мэриясынын расмий сайтында маалымдалгандай, аталган иш-чарага шаардык кеңештин депутаттары, шаардык жана райондук кызматтардын жетекчилери, ЖӨБ органдарынын, билим берүү жана саламаттык сактоо кызматтарынын өкүлдөрү катышты.

Ушул жылга Свердлов районунун бюджети 549,1 млн сомго долбоорлонгон, анын 452,1 млн сому корголгон беренелерге каралган, бул көрсөткүч 82,3% түзөт жана милдеттүү түрдө аткарыла турган беренелерге 56,7 млн сом, же 10,3% каралган.

Бюджеттик долбоор боюнча шаардык финансы башкармалыгынын башчысы Э.Зарлыков, бюджеттин киреше бөлүгү боюнча Свердлов райондук администрация башчысы А.Өмүрбекова, Свердлов ройону боюнча Салык башкармалыгынын башчысы Р.Абдрахманов сөз сүйлөштү.

Талкуунун жүрүшүндө, ЖӨБ органдарынын, кварталдык комитеттердин өкүлдөрүнүн сунуштары угулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×